Бейшеналиев Москвага фармацевтика жана медициналык билим берүү кызматташтыгын бекемдөөгө барды

15 февраль 2024 16:29 2019 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандан делегация Новосибирскке фармацевтика жана медициналык билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө максатында барды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 13-14-февралда Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган делегация Москвага иш сапары менен барды. 

“Кыргызстандын социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов,  «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директору Сүйүнбай Алиев жана Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин өкүлдөрүнөн турган делегациянын курамында иш сапары менен барды.

Иш сапардын максаты Кыргыз Республикасына «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы өндүрүүчүнүн баасында дары-дармектерди тикелей жеткирүү боюнча келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү үчүн Новосибирск облусундагы фармацевтикалык ишканалардын дарамети жана ассортименти менен таанышуу”, -деп айтылат маалыматта. 

Иш сапардын алкагында Алымкадыр Бейшеналиев Новосибирск облусунун губернаторунун биринчи орун басары Юрий Петухов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен Новосибирск фармацевтикалык ишканаларынын ортосунда Кыргыз Республикасына турмуштук маанилүү дары-дармектерди жеткирүү боюнча келишимдерди түзүү, медициналык билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташууну активдештирүү боюнча тыгыз байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.

Новосибирск облусунун губернаторунун биринчи орун басары Юрий Петухов министр Алымкадыр Бейшеналиевге Новосибирск облусунун саламаттык сактоо системасынын потенциалы тууралуу айтып берди. Ал аймакта бир катар уникалдуу федералдык саламаттык сактоо уюмдары иштээрин белгиледи. Ал эми Новосибирсктеги окуу жайлардын базасында кадрларды даярдап, кыргызстандык адистердин квалификациясын жогорулатууга болоорун билдирди.

Өз кезегинде Алымкадыр Бейшеналиев Новосибирск облусундагы ЖОЖдордун жана ооруканалардын илимий, билим берүү жана техникалык дараметин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, хирургия, кардиология жана трансплантология тармагында тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.






Ссылка: https://barometr.kg/alymkadyr-bejshenaliev-bashtagan-delegaciya-moskvaga-farmacevtika-zhana-medicinalyk-bilim-ber-tarmagyndagy-kyzmattashtykty-bekemd-maksatynda-bardy



Добавить комментарий