Индиядан кыргызстандык оор атлетиктер байгелүү келишти

8 август 2023 10:45 1124 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Оор атлетика боюнча жаштар жана өспүрүмдөр  курама командасы Азия чемпионатында 3 медаль жеңди. Бул тууралуу «Барометр» билдирет. 

Кыргызстандын оор атлетика боюнча жаштар жана өспүрүмдөр курама командасы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпионатында 3 медаль (1 күмүш, 2 коло медаль) жеңди.

89 кг чейинки салмакта Фарух Шокиржанов күмүш медаль тагынды. Ошондой эле 102 кг чейинки салмак категориясында түртүп көтөрүүдө Эрбол Эрмек уулу жана Нурсултан Тармалов 89 кг чейинки салмакта булкуп көтөрүүдө  коло медалга ээ болду.

Ссылка: https://barometr.kg/indiyadan-kyrgyzstandyk-oor-atletikter-bajgel-kelishti



Добавить комментарий