8 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн жаран Москвадан кармалды

24 июль 2023 10:23 539 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвада тууганынын паспортун колдонуп жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.   

Маалым болгондой, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россия Федерациясынын аймагында жашырынып жүргөн жана издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо иштерин улантууда.

Буга чейин, сегиз жылдан ашык убакыттан бери кылмыш жасап, издөөдө жүргөн жаранды кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Ыкчам-издөө иш-чаралары 2023-жылдын 20-июлунда Россиянын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 21-бөлүмүнүн кызматкерлери жана Улуттук гвардиянын жоокерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнүн түздөн-түз катышуусунда жүргүзүлгөн.

“Москва шаарынын аймагынан мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык элементтердин арасында кадыр-барктуу Баткен облусунун тургуну 1983-жылы туулган Б.С. аныкталып, кармалган. Ага карата 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам уурдоо), 125-беренесинин 2-бөлүгүндө (мыйзамсыз эркинен ажыратуу), 170-беренесинин 2-бөлүгүндө (опузалап талап кылуу) каралган кылмыш иштерин жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыяланган (Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясына ылайык).

Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2015-жылдын март айында козголгон кылмыш ишинин алкагында  жаран Б.С. издөөдө жүргөн. 2015-жылдын июнь айында ага мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Аталган жаран 8 жылдан бери Москва шаарынын аймагында тууганынын паспортун пайдаланып жашырынып жүргөнү аныкталган.

Ал 2009-жылдын жай айларында Ош облусунун Араван районунун аймагында анын шериктери – криминалдык элементтер менен бирге курал колдонуп, отуз үч жаштагы жаранды күч менен унаага салып, алып кетишкен. Жабырлануучуну тоолуу аймакта, андан кийин Бишкек шаарында мыйзамсыз кармап, зордук-зомбулук менен коркутуп, ири өлчөмдөгү 100 миң АКШ долларын талап кылып алышкан.

Жабырлануучу бир нече жылдан кийин ички иштер органдарына кайрылган. Кылмыштын башка шериктери мурда кармалып, сот жообуна тартылышкан.

Ал эми издөөдө жүргөн жаран Б.С. кармалып, камакка алынган.  Учурда экстрадициялоо маселеси 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык чечилүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/8-zhyldan-beri-el-aralyk-izdd-zhrgn-zharan-moskvadan-karmaldy



Добавить комментарий