Москвада өтө турчу Жеңиш парадына Улуттук гвардия даярданууда

4 июня 2020 14:44 947 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык эсеби даярданып жатат. Бул тууралуу Генералдык штаб билдирди. 

"Гвардиячылар карантин учурунда дагы машыгууларды токтоткон эмес. Жоопкерчиликти талап калган маанилүү иш-чарага мыктылар тандалып алынган. Санитардык талаптарды сактоо менен параддык жүрүшкө даярдыктар кызуу жүрүүдө" — деп айтылат маалыматта.

Парадга катышып берүү боюнча Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун экинчи чакыруусу келген. Биринчи чакыруусу 9-майга карата жиберилген. Бирок ал коронавируска байланыштуу 24-июнга жылдырылган.

Аскер кызматчылары Москва шаарына баруунун алдында коронавируска ПЦР-анализ тапшырышат. Гвардиячылар Россиянын борборуна баргандан кийин парадга катышууга чакырылган башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге жалпы параддын курамында чогу машыга берет.




Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-t-turchu-zheish-paradyna-uluttuk-gvardiya-dayardanuuda



Добавить комментарий