Төшөк мамилесинде эркек менен эмнени талкуулаган болбойт?

12 ноябрь 2021 18:19 5071 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Албетте сүйүктүү күйөөңүз сиздин эң жакын адамыңыз. Аны менен баардык кыйынчылыкта да, кубанычта дагы бирге болсом дейсиз. Ошондой эле көпчүлүк аялдар күйөөсүнө баарын ишенип айта берсе болот деп эсептешет.Көп учурда эркектер өздөрүнүн сырларын көп бөлүшө бербейт.Кандай болгон күндө да аялзаты эркек менен талкуулабай турган бир катар жабык темалар бар.Бүгүн barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен алар тууралуу сунуштайт.

Эркек кишинин мурдагы мамиле түзгөн аялдарын талкуулоо 

Эгерде эркек мурда ажырашкан болсо же башка бирөө менен мамиле кылып жүргөн болсо бул темага кызыгып сураганды жакшы көргөн айымдар болот. Ал эми аялдын мурдагы жигити тууралуу дагы эркектер көп уккусу келбейт.Себеби психологиялык жактан алганда мурдагы “сүйүктүүлөр” тууралуу талкуулай берүү аялдынбы же эркектинби өзүнө карата ишенимин азайтат.Жөндөн жөн чатаккка кабылгыңыз келбесе сүйүктүу мырзаңыздын мурдагы сүйгөн кызын, же аялын такуулабай эле коюңуз, бөөдө өзүңүздүн дагы бааңыз түшөт.

Башка эркектерди талкуулоо

Башка эркекти жөн гана дос адам катары караган болсоңуз да, анын келбети менен моралдык сапаттарына, айрыкча материалдык байлыгына күйөөңүздүн көзүнчө суктанбаңыз.Сизге ачык айтпаган менен ичинен катуу таарынып калышы мүмкүн.Кээ бир эркектер муну оор кабыл алып чатак дагы чыгарат. Ошондуктан от менен ойлобогонуңуз жөн.

Аялзатына тиешелүү темалар

Депиляцияны, же косметологго барганыңызды, гнекологго барганыңызды жана башка аялдарга тиешелүү темаларды майда-чүйдөсүнөн бери айта берген болбойт. Жабык тема жабык эле калганы дурус. Гнекологго баргандан кийинки интимдик маселени талкуулоого болот, эгерде сөз оору тууралуу болуп жатса, бирок калган учурда талкууну дозасы менен жүргүзүү кажет.

Анын төшөктөгү мамилесин талкуулоо 

Төшөк мамилесинде анын көңүлүнө тие турган сөздөрдөн сак болуңуз. Биротоло сизге көңүлү калгандай сөздү байкабай айтып алышыңыз мүмкүн.Дегеле бул темада сүйлөшүүдө өтө кылдаттык керек.Айрыкча анын эркектик сапатына басып жасап айтуу өтө оор тиет. Жана төшөк мамилелеринде кыйыта бербей эмнени каалап жатканыңызды так айткан жөндүү.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/tshk-mamilesinde-erkek-menen-emneni-talkuulagan-bolbojt



Добавить комментарий