Айымдарга тест: Мырзалар үчүн сиз канчалык жагымдуу аялсыз?
Бул тесттен өтүп мырзалар үчүн канчалык жагымдуу көрүнө турганыңызды билсеңиз болот. Ал үчүн төмөндөгү сүрөттү карап көзүңүзгө биринчи эле урунган жана өзүңүзгө жаккан көйнөктү тандап алыңыз! Бүгүн barometr.kg айымдар үчүн тест сунуштайт.
№ 1
Сиз чыныгы аялсыз. Назик, кылдат, бир аз тажрыйбасыз, ошол эле маалда жан дүйнөңүздүн тереңинде реалдуу жашыңыз канча болсо дагы жаш кыздай болгон абалда калгансыз. Сиз абдан акылман, иш билги аялзатысыз. Баардыгын интуиция менен сезип, чечим кабыл аласыз. Көп мырзалар сиздин акылдуулугуңузду баалашат жана кеңеш бергениңизди жактырышат.
№ 2
Сиз чыныгы ледисиз жана кайсы кийимди кийсеңиз да жараша берет. Ал тургай жумушчу формада дагы жагымдуу жана стилдүү көрүнөсүз. Мындай айымдарды ички аристократизмге ээ адамдар деп коюшат.
Ошондой эле адамдары туура сөзүңүз менен жактыртып аласыз. Мырзаларга сиздин ушул сапаттарыңыз жагат.
№ 3
Сиз сырдуу айымсыз, адамдарды тышкы келбетине карап баалабайсыз. Жигитиңизди же болочок жарыңызды көргөндө дароо биле тургандай интуицияга ээсиз. Мырзаларга жагымдуу жана сырдуу көрүнөсүз. Өзүңдүн айткандарыңызды бербейсиз.
№ 4
Бул кызыл түстүү көйнөктү креативдүү жана ачык-айрым айымдар тандашат. Сиз кимге кандай мамиле жасашты билесиз. Кайсы жерде болбосун өзүңүзгө ачык же алдыртан суктанган адамдардын тобун пайда кыла аласыз. Уюштуруучу талантка ээсиз, урматтуу башкаруучу айым болууга толук талантыңыз бар, ким менен болбосун тил табыша аласыз. Ошондой эле үй-бүлөдө туруктуу, камкор айымсыз. Мырзалар сиздин ушул сапатарыңызды жогору баалашат.
№ 5
Бул көйнөктү ачык айрым, жүрөгүндө кири жок, чынчыл жана мээримдүү айымдар тандашат. Алар мамиледе эркекке чыныгы сүйүүсүн арнап, балдарын абдан жакшы көрүшөт. Баардык ишти сапаттуу жана жоопкерчилик менен жасай алышат. Алар кайсы бир иште-мисалы кол өнөрчүлүктө, же ырдоо, жазуучулук, сүрөт тартуу дегендей талантка ээ.Бул айымдар өзүн сыйлаганды бара-бара жаш курагы өткөн сайын үйрөнүшөт.Ага чейин баладай ишенчеектигинин айынан жабыркашы мүмкүн.Мырзаларга сиз камкор мүнөзүңүз менен жагасыз.
Ссылка: https://barometr.kg/ajymdarga-test-myrzalar-chn-siz-kanchalyk-zhagymduu-ayalsyz
Добавить комментарий ×