Түптө жергиликтүү тургун өзүнүн досун сабап өлтүрдү

13 сентябрь 2021 18:28 1620 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түп районунда эки тургундун алкоголь ичимдиктерин ичиши адам өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

“9-сентябрда саат 19.30да Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Түп айылындагы үйлөрдүн биринен 40-45 чамасындагы эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.Окуя болгон жерге барган ыкчам топ анын бети менен колу талкаланганын көрүшкөн. Кийиминин баары кан болгон абалда жаткан”,-деп айтылат маалыматта.

Каза тапкан адам 41 жаштагы үйдүн кожоюну болуп чыкты. Укук коргоо кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү деп 48 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашты.

Шектүүнүн айтымында, экөө чогулуп спирт ичимдиктерин ичишкен.Бир убакта уруша кетишип, ал өзүнүн досун катуу сабап салган, андан соң үйдөн качып кеткен.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди, соттук-медициналык экпертизалар дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/tpt-zhergilikt-turgun-znn-dosun-sabap-ltrd



Добавить комментарий