Кыргызстанда киши өлтүрүү менен зордуктоо кылмыштары көбөйдү

11 августа 2021 11:59 1225 Barometr
Поделиться в:
ok

2021-жылдын 6 айында Кыргызстанда киши өлтүрүү менен зордуктоо кылмыштары көбөйгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын укуктук статистика жана каттоого алуу башкармалыгынын кылмыш-укуктук статистикасы жана анализин калыптандыруу бөлүмүнүн башчысы Эмиль Чамбаев билдиргенин “Барометр” кабарлайт.

Анын айтымында киши өлтүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштарганда 20 фактыга көбөйгөн.

 -Оор зыян келтирүү 1 фактыга аз.

-Өлүмгө алып келген оор зыян келтирүү 5 фактыга аз.

-зордуктоо 30 пайызга көп

-уруп сабоо 20 пайызга аз

“Бул уку коргоо органдары кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүүсү кажет экенин көрсөтүп турат”,-деп айтты Чамбаев.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhyl-bashynan-beri-kyrgyzstanda-kishi-ltr-menen-zorduktoo-kylmyshy-kbjd



Добавить комментарий