Токтогулдагы сууга өспүрүм бала чөгүп кетти
Бөлүшүү:
Токтогулдагы Борду-Кыя суусуна өспүрүм бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 6-июль саат 19:38де Бел-Алды айылынын Борду-Кыя суусуна 2001-жылы туулган жаш бала түшүп кеткен. Жерине КР ӨКМнин №97 ӨКБ 5 куткаруучу тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, саат 20:45те суудан жаш баланын жансыз денесин чыгарышкан. Куткаруучулар сөөктү туугандарына өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-bordu-kyya-suusuna-sprm-bala-chgp-ketti
Добавить комментарий ×