Газадагы жаңжал: ХАМАС Израил менен согушту токтототуу келишимине келүүгө аз калганын жарыялады

21 ноябрь 2023 13:54 1197 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Палестиналык ХАМАС кыймылы Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу келишими жакындап калганын жарыялады. Бул тууралуу “Барометр”билдирет. 

Палестинанын ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Газа тилкесиндеги жаңжалдашкан тараптар элдешүү маселесинде жылыш болгонун билдирди. 

Анын айтымында, ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү Израилге болгон жообун Катарга жана башка ортомчуларга жеткиришкен.

"Биз элдешүү келишимин түзүүгө жакындап жатабыз", - деп билдирген Хания Хамас кыймылынын расмий Telegram каналында.

Сүйлөшүүлөрдүн башка жагдайлары азырынча айтыла элек.

Буга чейин, Израилдин Коргоо күчтөрү өзүнүн Telegram каналында акыркы бир нече күндө ХАМАСтын 100дөн ашуун мүчөсү, анын ичинде 7-октябрдагы чабуулдарга катышкан элиталык “Нохба” отрядынын үч мүчөсү кармалганын кабарлаган. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/gaza-tilkesindegi-zhazhal-hamas-izrail-menen-sogushtu-toktototuu-tuuraluu-kelishimge-kelg-az-kalganyn-zharyyalady



Добавить комментарий