Токтогулдагы сууга өспүрүм бала чөгүп кетти

7 июля 2020 09:26 527 Barometr
Поделиться в:
ok

Токтогулдагы Борду-Кыя суусуна өспүрүм бала чөгүп кетти.  Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Кечээ, 6-июль саат 19:38де Бел-Алды айылынын Борду-Кыя суусуна 2001-жылы туулган жаш бала түшүп кеткен. Жерине КР ӨКМнин №97 ӨКБ 5 куткаруучу тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, саат 20:45те суудан жаш баланын жансыз денесин чыгарышкан. Куткаруучулар сөөктү туугандарына өткөрүп беришти. 

Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-bordu-kyya-suusuna-sprm-bala-chgp-ketti



Добавить комментарий