Кызмат өтөп жатып, шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды

21 ноябрь 2023 17:27 1119 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токтогул ГЭСин кайтарууда кызмат өтөп жатып, шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн, 21-ноябрда болжол менен саат 16.00 чамаларда Токтогул ГЭСинин каскадында күзөттө кызмат өтөп жатып, катардагы жоокерди атып качып кеткен шектүү Б.У. кармалды.

“Аны кармоого Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана атайын түзүлгөн тергөө-ыкчам тобу, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлери катышып, алар тарабынан жоокер Б.У.нун Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак-жайлардын биринин чатырында жашынып жаткан жери аныкталып, сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлдү. Качып кеткен жоокердин жанынан куралы да алынды.  

Белгилеп кетүүчү жагдай, 2023-жылдын 20-ноябрь күнү болжол менен саат 06:10 чамаларда Токтогул ГЭСтери каскадынын автобазасында жайгашкан №1 постунда күзөттө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Бишкек шаарынын тургуну 2002-жылы туулган Б.У. өзү менен чогу кызмат өтөп жаткан жоокер Ош облусунун тургуну 2003-жылы туулган Т.С. менен пикир келишпестиктен улам колундагы кызматтык ок атуучу куралы менен атып, окуя болгон жерден куралын кошо алып белгисиз  тарапка качып кеткен.

Азыркы учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген жана тергөө амалдары жүргүзүлдү”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/toktogul-gesin-kajtaruuda-kyzmat-tp-zhatyp-sherigin-atyp-kachyp-ketken-zhooker-karmaldy



Добавить комментарий