Токмоктогу психоневрологиялык ооруканасынын жаңы 70 орундуу имараты ачылды

17 ноябрь 2020 14:13 1241 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин "Ас-Сафа борбору" кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган. Ошондой эле, Фонд 2018-жылы 50 орундуу заманбап турак жай имаратын куруп берген.

Статс-катчы Каныбек Адиев Кувейт фондунун өкүлдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирип, министрликтин ардак грамоталарын тапшырды. 

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме - туруктуу камкордукка, үй-бүлөлүк жана медициналык кызматтарга муктаж болгон майыптыгы бар адамдар туруктуу жашоосу үчүн жалпы медициналык-социалдык мекеме болуп саналат. 

Бүгүнкү күндө мекемеде 207 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам жашайт. 

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-2-psihonevrologiyalyk-medicinalyk-socialdyk-mekemesinde-zhay-70-orunduu-imarat-achyldy



Добавить комментарий