Токмоктогу психоневрологиялык ооруканасынын жаңы 70 орундуу имараты ачылды
Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин "Ас-Сафа борбору" кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган. Ошондой эле, Фонд 2018-жылы 50 орундуу заманбап турак жай имаратын куруп берген.
Статс-катчы Каныбек Адиев Кувейт фондунун өкүлдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирип, министрликтин ардак грамоталарын тапшырды.
Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме - туруктуу камкордукка, үй-бүлөлүк жана медициналык кызматтарга муктаж болгон майыптыгы бар адамдар туруктуу жашоосу үчүн жалпы медициналык-социалдык мекеме болуп саналат.
Бүгүнкү күндө мекемеде 207 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам жашайт.
Добавить комментарий ×