Кыргызстанда 22 жаштагы бейтапка акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

1 февраль 2024 13:24 480 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 22 жаштагы бейтапка акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме  берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бөйрөк алмаштыруу операциясы бюджеттик негизде акысыз жасалды. 

“Бүгүн, 1-февральда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин бөйрөк реципиентке трансплантацияланган.

Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү алуу операциясы 2 саатка созулуп, бөйрөктү алмаштыруу операциясы да ошончолук убакытка созулду.

Бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар 2-3 күн реанимация бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат. Андан кийин алар андан ары ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат”, -деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстанда трансплантология кызматын өнүктүрүү жөнүндө буйругун аткаруу үчүн, ошондой эле өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын жогорку технологиялык операциялык кийлигишүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында 2024-жылы 50 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясын жүргүзүү пландалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ene-zhana-balany-korgoo-uluttuk-borborunda-22-zhashtagy-bejtapka-akysyz-bjrk-almashtyruu-operaciyasy-zhasaldy



Добавить комментарий