ТИМ кыргызстандыктын Иракта каза тапканы тууралуу маалыматты тактоодо

26 октябрь 2021 15:13 1499 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык С.М. Ирактын Багдад шаарында иштеп жүрүп каза тапкан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлайт.

Буга байланыштуу ТИМ ыкчам түрдө Ирак тарап менен Кыргызстандын жараны С.М.нын өлүмү боюнча фактыны тастыктоо же четке кагуу боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

24-октябрда Ирактан аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен оозеки сүйлөшүүлөргө ылайык, кыргызстандык С.М. каза тапканы, анын сөөгү учурда Багдад шаарындагы моргодо экени тууралуу маалымат келген. Азыркы учурда Ирактын Тышкы иштер министрлигинен аталган инцидент боюнча расмий маалымат күтүлүүдө.

“Бул маселе каза тапкан аялдын туугандары менен тыгыз кызматташтыкта жүрүүдө жана ТИМ дайыма көзөмөлдөп жатат”,-деп кабарлашты ведомстводон.

Ссылка: https://barometr.kg/tim-kyrgyzstandyktyn-irakta-kaza-tapkany-tuuraluu-maalymatty-taktoodo



Добавить комментарий