Кыргызстанга 79 бала алып келинди. Алардын энелери Иракта калды

16 марта 2021 12:20 1798 Barometr
Поделиться в:
ok

Ирактан Кыргызстандын жарандарынын 79 баласы өлкөгө алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.  

Маалым болгондой, балдар бүгүн, 16-мартта өлкөгө Ирактан атайын борт менен алынып келинген. 

Ирак тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин балдарды мекенине кайтарууну даярдоо боюнча тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн 2021-жылдын февралынын аягында атайын жумушчу топ жөнөтүлгөн. 

Балдарды өз мекенине алып келүүгө кыргыз бийлиги, Кыргыз Республикасынын Кувейттеги Элчилиги, ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) чоң салым кошушкан.  

Мекенине кайтып келген балдар туугандарына өткөрүлүп берерден мурда, атайын реабилитациядан өтүшөт. 

Белгилеп кетчү нерсе, балдарды алып келүү алардын Иракта калган энелеринин, ошондой эле балдарды өз камкордугуна ала турган алардын Кыргызстандагы туугандарынын макулдуктары менен ишке ашырылган. 


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-79-bala-alyp-kelindi-alardyn-eneleri-irakta-kaldy



Добавить комментарий