Тазабек Икрамов: Сел ташкындарынын алдын албаган ӨКМде да күнөө бар

21 июль 2021 11:31 561 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов табият кырсыктарынан жабыр тарткандарга көңүл айтты. Бул тууралуу ал социалдык баракчасы аркылуу маалымдаганн “Барометр” билдирет.

“Урматтуу мекендештер, акыркы кездеги табият кырсыктары көбөйүп, өлкөбүздүн бир нече аймагында сел ташкындары жүргөнү маалым. Албетте бул окуялар жоготуусуз болбоду. Бул абдан өкүнүчтүү абал. Баарын табият кырсыгына оодарып, тийиштүү иштерди өз убагында жасабай, сел ташкындарынын алдын албаган ӨКМде да күнөө бар. Алар бүт жоопкерчиликти мойнуна алыш керек. Ал эми селден жабыр тарткандарга тез аранын ичинде өкмөт жардам берүүсү зарыл.

Урматтуу мекендештер, Сузактагы жердештер, жалпы жоготуулар үчүн баарыңыздарга көңүл айтам. Мындан ары өлкөбүздө тынчтык гана өкүм сүрсүн!”,-деген пикирин бөлүштү депутат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tazabek-ikramov-sel-tashkyndarynyn-aldyn-albagan-kmde-da-kn-bar



Добавить комментарий