Түштүк Кореяда селдин кесепетинен каза болгондордун саны 39га жетти

17 июль 2023 09:24 738 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түштүк Кореядагы селден каза болгондордун саны 39 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Июнь айынын аягында башталган жаан-чачын азыркыга чейин токтобой жаады. 

Акыркы бир нече күндүн ичинде, өлкө боюнча 8,8 миңден ашык адам эвакуацияланды.   

Маалыматка ылайык, каза болгондордун 12си Чонжу шаарынын борбордук бөлүгүндөгү туннелде болгон. Анда жакын жердеги дарыядагы дамба жарылгандан кийин 16га жакын унаа, анын ичинде бир автобус суу астында калган.   Дагы 9 адам жаракат алган.     Кореянын ички иштер министрлиги дагы 9 адам дайынсыз жоголгондугун жана 34ү жарадар болгонун билдирди.     Өрт өчүрүүчүлөр туннел эки-үч мүнөттө эле сууга толуп калганын айтышты.       

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл кырсыкка жооп берүү боюнча ички кеңешме өткөрүп, бийликти жабыркагандарды куткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого үндөдү.      

 Ошондой эле, жабыркаган аймактарды өзгөчө кырсык зоналары катары белгилөө менен бирге, калыбына келтирүү аракеттерине колдоо көрсөтүүгө убада берди. 9-июлдан бери Түштүк Чунчхон провинциясындагы Гонгжу жана Чоньян шаарларында тынымсыз жаан жааган.        

Ички иштер жана коопсуздук министрлигинин маалыматы боюнча, жамгыр 50гө жакын жолду жана 100дөн ашуун үйдү талкалады.       

Ссылка: https://barometr.kg/tshtk-koreyada-seldin-kesepetinene-kaza-bolgondordun-sany-39ga-zhetip-dajynsyz-zhogolgondor-da-bar



Добавить комментарий