Сузакта сел жүрүп, 6 жаштагы кыз каза тапты
Жалал-Абад областынын Сузак районунда сел жүрүп, кырсыктын кесепетинен 6 жаштагы кыз каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Алдын ала маалыматтар боюнча Кара-Дарыя деп аталган жерде саат 17:00дө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам тоо этектеринде сел жүргөн. Достук жана Чангыр-Таш айылындагы үйлөрдү суу каптаган.
Мындан тышкары Сузак-Кара-Дарыя жолу жараксыз абалга келген.Кырсыктан 2015-жылы туулган М.А.,көз жумду, анын сөөгү болжол менен саат 22:50дө табылды.
Кырсык болгон аймакта куткаруучулар, атайын техника жана жергиликтүү 30дай тургун иштеп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-sel-zhrp-6-zhashtagy-kyz-kaza-tapty
Добавить комментарий ×