Сузакта нөшөрлүү жаандын кесепетинен мектепти жана бир нече үйлөрдү сел каптап кетти

24 октябрь 2023 12:56 1389 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда катуу жааган жаандын кесепетинен мектепти жана бир нече үйлөрдү сел каптап кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 23-октябрь күнү кечки саат 21:10 чамасында облус аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Сузак райоунун Барпы айыл аймагына караштуу Боз-Чычкан айылында аралап өткөн Ачы-Сай каналынан суу ашып, турак жайлардын короо жайларын  каптап жаткандыгы тууралуу маалымат  райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам нөөмөт бөлүмүнө саат 21:30 да маалымдалган.  

“Жерине облустук жана  райондук жарандык коргоону башчылары, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жеринде иш алып барып, 1 социалдык обьекти жана болжол менен 22 турак жайдын короолорун сел суулар каптагандыгы аныкталган.  

Учурда жергиликтүү жарандык коргоону кызматарынын күч каражаттарынын жардамында тазалоо жумуштары жүрүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-nshrl-zhaandyn-kesepetinen-mektepti-zhana-bir-neche-jlrd-sed-kaptap-ketti



Добавить комментарий