Талас районунун акиминин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

29 июль 2021 11:16 756 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, 28-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан мыйзам бузууларга жол бербөө, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары “Т.К.Р.” 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары кыргызстандык жаранга оң чечим чыгарып, ишкердүүлүк ачууга уруксат кагаздарын берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Тиешелүү далилдердин негизинде, "Т.К.Р." Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Талас облусунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/talas-rajonunun-akiminin-orun-basary-para-alyp-zhatkan-zherinen-karmaldy



Добавить комментарий