УКМК: Тажикстандан контрабандалык товарларды алып өтүү аракеттери уланууда
Азыркы учурда Тажикстан менен мамлекеттик чек ара убактылуу жабык жана товарларды, жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү токтотулган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Чек ара аймактарынын айрым тургундары контрабандалык жүктөрдү Тажикстандан ташып өтүү аракеттери уланып жаткандыгы аныкталды. 2021-жылдын 12-июлунан 13-июлуна караган түнү жергиликтүү элдик сакчылар Тажикстандан Кыргызстандын аймагына 4 тонна көлөмүндөгү жүзүм контрабандалык жүктөрү алынып келинген фактыны аныкташкан жана КРнын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн бажы кызматына өткөрүлүп берилген.
Кылмыш-жаза кодексине ылайык, контрабанда кылмыш иш болуп саналаn. Ошол эле учурда, мыйзамсыз контрабанда иш-аракеттерине катышкан адамдардын Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-tazhikstandan-kontrabandalyk-tovarlardy-alyp-t-araketteri-ulanuuda
Добавить комментарий ×