Стресстин 5 жашыруун белгиси

21 декабрь 2022 09:15 3045 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Биз стресстин ар кандай деңгээлинде жүрөбүз. Оң таасир берген стресс бар, ал мотивация үчүн керек болот.Бирок биз өзүбүз аңдап сезбей эле жашыруун стресс болуп жактан учурлар кездешет. Бул тууралуу бүгүн barometr.kg сизге сунуштайт.

1. Ынтаа коюнун жоктугу

Адам катуу чымырканган кезде 2 гармон иштелип чыгат. Алар:  адреналин жана кортизол. Андреналин кризистик жагдайда көңүл коюну күчөтөт, бирок анын дайыма эле жогору деңгээлде кармалып турушу жалпы эле ынтаа коюнун (концентрация) абалын төмөндөтөт.

Тактап айтканда өндүрүш жана иш учурунда пайда болгон адреналин дайыма эле боло берсе, акырындап сиз иштебей отурган учурда дагы ойду бир жерге топтоону жоготуп, “жалдырап” отуруп калууга алып келет. Ошондуктан эс алуу менен катуу чымырканып жумуш иштөөнү дайыма кезектештирип туруу кажет.

2. Унутчаактык

Бир нерсени унутуп тез-тезден эсиңизден чыгарып салып жатасызбы? Башыңыга тагып алган көз айнегиңизди таппай, же унаанын колдо кармап алган ачкычын таппай баштасаңыз бул дагы стресстин жашыруун белгилеринин бири.

Көп учурда адам стрессте экенин билбей эле шашып калыптырмын деп коет.Бул чыңалган абал көбөйгөн сайын окуганда майда тамгаларды көрбөй баштайсыз. Майда-чүйдөнү элес албай каласыз.

3. Тамактануу адатыңыз бузулат

Стресс сиздин рационуңузга күч келтирип, тамак-аш адаттарыңызга дагы олуттуу залакасын тийгизет. Чындыгында стресстен улам көп тамактануу-бул реалдуу маселе.

Стресс тамактануу адатыңызга эки түрдүү таасир берет, алардын бирине тамакты токтобой көп жеп калуу, экинчисинде тамакты таптакыр карагысы келбей жебей калуу.

Стресс маалында тамакты көп жеп калгандар көп учурда глюкозаны ылдам пайдала турган метоболизмге ээ адамдар болушат.

4. Тамак сиңирүүдө кыйынчылык пайда болот

Жашыруун стресстин дагы бир белгиси тамак-сиңирүү системасындагы бузулууларды пайда кылат. Айрыкча ичегиде бузулуу байкалат. Адамдын ичи дайыма көөп, ичи катып же тескерсинче  диарея болуп ичи өтүп жатса дагы бул стресстин таасиринен улам келип чыгып жатышы мүмкүн.

5. Булчуңдун ооруп жатышы

Эртең менен турганда дененин арткы бөлүгүнүн ооруп калышы, начар уктап ойгонгондой болуп чарчап туруу дагы жашыруун стресстен кабар берип жатышы ыктымал.

Стресс маалында бөлүнө турган гармондордун ашыкча өлчөмү булчуңдарда чымырканууну пайда кылат. Бул жаактарда жана белде ооруну пайда кылат.

Түн ичинде адамдын тишин чайнап катырата берүүсү дагы бет менен жаак бөлүмүндөгү булчуңдардын стресстен улам чыңалган абалынан келип чыгат. Анткени абанын кирүүсү азайгандыктан “тишти кытыратуу” синдрому пайда болот.

Ссылка: https://barometr.kg/stresstin-5-zhashyruun-belgisi



Добавить комментарий