Эс тутумду төмөндөтүп, адамды тез карыта турган адат кайсы?

13 апрель 2022 12:36 2403 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдын жашоосунун орточо узактыгы узарып, көбү активдүү жашоо образын карманып, спорт менен машыгып, туура тамактанууга көңүл бөлүп жаткандай заманда жашап жатабыз.Бирок ошол эле маалда  окумуштуулар дүйнөдө деменция ( эс тутум начарлап, алжып калуу) менен ооругандар жыл сайын көбөйүп жатканын коңгуроо кагышууда. Кайсы себеп мээнин жана адамдын эрте картайышына алып келет? Аны кантип алдын алса болот? Бул тууралуу barometr.kg психологдун маалыматына таянуу менен сунуштайт.

Зыяндуу адаттар болгон алкоголь, чылым чегүү, ашыкча салмак, стрессти кошпогондо адамды тез картайта турган бир адат бул-көп ишти бир маалда аткара берүү болуп саналат. Буга чейин көп ишти бир маалда жасай берүү мээнин активдүү иштешине алып келип, нейрондук байланыштар жаңыланат деп эсептеп келишкен.

Ал тургай заманбап дүйнөдө аны колдоого алышат.Ал тургай жумуш берүүчүлөр гана эмес, жашоодо жалпы эле универсалдуу солдатка ошкош адамдарды колдошот. Өзүң иште, ошол эле маалда үй жыйна, баланы кара, ал арада тамак жаса, же унаа айдап бара жатып таанышың менен бир ишти сүйлөшүр бүтүрүп сал! Унаа башкарып бара жатып музыка же жаңылыктарды ук! Кыскасын айтканда “баарын жасап үлгүр, үлгүрбөй бара жатсаң тайм-менеджментти үйрөн” деген тапшырма заманбап адамдын алдына коюлууда.

Бирок акыркы изилдөөлөр тастыктагандай, биздин мээ көп тапшырманы бир маалда аткарууга ыңгайлашкан эмес. Бул анын “өлтүрөт”. Мисалы телевизор көрүп жатып тамак ичип, бир көзүңүз менен смартфонду карап социалдык тармакта отурган кезде мээ бир иштен бир ишке кошулууга “калтырап” аракет кылат. Анан калса мындай маалда өзүндөгү эң чоң ресурстарды чыгымдайт. Биринчи кезекте аябай көп глюкозаны ишке кошот. Организм стресске кабылат, андан улам көп картизол бөлүнүп чыгат. Анан абдан чарчоо, агрессия, кан тамырлардын кысылуусу, кандагы канттын жогорулашы, иммунитеттин алсырашы келип чыгат.

Мунун баары мээнин экстремалдуу жана көп тапшырманы бир убакта аткарууга кетирген ресурстардын кесепетинен болот.

Британиялык окумуштуулар бир нече түзүмдү (телефон, ноутбук, планшет) бир эле учурда колдонуу мээ кыртышынын эмоционалдык интеллект, жүрөк ыргагынын кагышына, кан басымына жооп бере турган бөлүгүндөгү боз заттын азайышына алып келерин аныктаган.  

Бул Iqну төмөндөтүп, чыгармачылык жана логикалык ой жүгүртүүнү жоготуп, ички боштук, апатия сезимдерин пайда кылат жана соңунда депрессияга алып келет.

Эмне кылуу керек?

Нейробиологдор мээни жана организмди тез жарактан чыгарбаш үчүн төмөнкүлөрдү сунушташат.

-Бир ишти аткарып жатканда телефонуңузга вотсаптан же башка мессенжерлерден келген кабарларга алаксыбаңыз, анын аягына чыгып анан жооп берсеңиз болот. Болбосо аларды убактылуу өчүрүп таштаңыз.

-Эң маанилүү чечимдерди күндүн биринчи жарымында энергияңыз көп кезде кабыл алып жана оор тапшырмаларды ушул убакытта жасаңыз.

-Майда-чүйдөгө мээни кыйнабаш үчүн маанилүү иштерди чоң-чоң стикерлерге жазып чаптап алыңыз!

-Ар бир эки саатта мээни эс алдырып жөн гана терезени тиктеп бир мүнөттөй отуруп анан кайра ишти улантыңыз!

-Иштеп жатканда музыка укканды жактырсаңыз анда классикалык музыканы гана угуңуз.

-Тамак жеп жатканда смартфон чукулабай тамакка караңыз.

-Сүйлөшүп жатканда дагы бир ишти жасам деп тырышпай жай гана сүйлөшүңүз.

-Күн тартибиңизди иретке келтириңиз.

Албетте бул жөнөкөй эрежерлер менен ден соолукту чыңдап, эрте картаюну токтотуп, мээнин алжып калуусун алдын аласыз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/es-tutumdu-tmndtp-adamdy-tez-karyta-turgan-adat-kajsy



Добавить комментарий