Сүйүү жана мамиле тууралуу 3 стереотип изилденди

14 ноябрь 2022 11:50 4710 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Окумуштуулар сүйүү жана мамилелер тууралуу айтылып жүргөн бир нече стереотиптерди атайын иликтөөнүн натыйжасы менен чын-бышыгын текшерип көрүштү. Бул тууралуу nashamama булагына шилтеме кылуу мененБарометр” маалымдайт.

Алардын биринчиси фото сүрөт боюнча болду. Карама-каршы жыныстагы адамдарга биринчи фотосүрөттө жагымдуу түшкөндөр жагары тууралуу иликтөөдө белгилүү болду. Адамдын профилиндеги сүрөтү канчалык жагымдуу болсо ал адамдын түгөйүн таап кетүү мүмкүндүгү жогору болору иликтөөдө тастыкталды.

Экинчи факты “карама-каршы мүнөздөгү адамдар бири-бирине тартылат” деген сөздү аныктоо болчу. Аны изилдеген кезде бул жалган стереотип экени аныкталды.Карама-каршы мүнөздөгү адамдар эмес, тескерсинче мүнөзү окшош жуптардын никеси бекемирээк болот деген бүтүм чыгарышты.

Үчүнчүсү “нике бактылуу кылат” деген стеротиптин жыйынтыгы боюнча иликтөө баардык учурунда андай болбосун көрсөттү. 15 мин Германиянын тургунунун төрт жыл бою изилдешкенден кийин нике адамдын мүнөзүн өзгөртө турганын далилдешти. Демек нике адамды бактылуу эмес эле башкача мүнөзгө алып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/sj-zhana-mamile-tuuraluu-3-stereotip-izildendi



Добавить комментарий