Жашооңуздун башкаруу пультун башка бирөөгө эч качан бербеңиз!

15 октября 2021 14:28 2024 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул макала манипуляторлорго “жем болуп”, жеке чек арасын коргой албай жүргөн адамдарга арналат.

“Айтканга ыңгайсыз болуп жатам”, “эл эмне деп ойлоп калат?”, “унчукпай эле жүрө берейин” деген сыяктуу ойлор менен жашап жаткан болсоңуз анда туура эмес кыласыз. Жөнөкөй бир нерсени эсиңизден чыгарбаңыз, эгерде жашооңузду ээн жайкын таштап салсаңыз аны башкара турган, сизди арабага чегип өзүнүн каалаган жагына жүрө турган чабандес сөзсүз табылат. Мейли ал жакын адамыңызбы же тууганыңызбы же кесиптешиңизби.   

Мындай учурда күндөн-күнгө өзүңүздүн кыялдарыңыз менен каалоолоруңуздан алыстай бересиз. Күчүңүздү,кызыкчылыгыңызды, чындап бирөөнү сүйүү сезимдерин жоготосуз. Азыр  өзүнүн жашоосунун башкаруу пультун башка бирөөлөргө берип койгон адамдар көп. Бул кылмыш. Алар анан жашоого таарынгандардын, наалыгандардын, ачуулангандардын армиясын толуктайт. Өзүнүн жашоосун башка бирөөнүн маселелери, ойлору, идеялары жана баалуулуктары менен толтуруп алышып анан эркин жашоону самап кыялдангандар көп.Башка бирөөнүн жашоосу менен эмес өзүңүздүн чыныгы каалооңуз менен жашаш үчүн эмне кылса болот? Бул тууралуу бүгүн barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен сиздерге аларды сунуштайт.

1. Жашооңузда кубаныч жана энергия тартуулай албай турган нерсенин баарын алып салыңыз. Эмне болбосун, кандай нерсени айтып сизди ынандырышпасын, кандай жагдай болбосун эч качан өзүңүздүн кызыкчылыктарыңыз, жаккан нерселериңизди четке таштап салып бирөөнүкүн жасабаңыз. Азырынча сизге акча, материалдык каржы керек болуп жатабы, анда аны даана түшүнүп аракет кылыңыз, бирок баары бир эртеби-кечпи өз кыялдарыңызды ишке ашырууга аракет кылыңыз.

2. Милдеттүү түрдө өз абалыңыз менен эсептешиңиз: сизди эмне кубандырууда, эмне ачууландырууда, эмне жагат. Кимдин көзүнө жакшы көрүнгүңүз келип жатат. Эч аесуз түрдө өзүңүзгө жаккан нерсени гана жасаңыз. Албетте моралдык, адамгерчилик мыйзамдарды ар дайым сактаңыз. Бирок алардын чегинен чыкпайм деп жатып өзүңүзгө зыян кылбаңыз.  

4. Ар бир кылган ишиңизге отчет бериңиз, муну мен эмне үчүн жасап жатам жана ким үчүн жасап жатам дегенге үйрөнүңүз.   

5.  Психикалык энергияңызды жагдайлар менен маселелерди он жолу ойлонуп башыңызды катырып отургандан көрө аракеттер менен ишке буруңуз. Ката кетирип алсаңыз өзүңүздү кечирип андан ары жылууга аракет кылыңыз.    

6.Милдетүү түрдө эс алыңыз. Бул алты эрежени жасай баштасаңыз жашооңузда сизди өз кызыкчылыгына пайдаланган адамдар азайят.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhashoouzdun-bashkaruu-pultun-bashka-birg-ech-kachan-berbeiz



Добавить комментарий