Сиздин акча кирешеңизди көбөйтө турган 5 жөнөкөй адат
Санариптик технология менен жасалма интеллектке байланышкан “жаңы экономиканын” доорунда “айлык алып акча табам” деген эски схема иштебей турганы анык. Азыр баарын үйрөнүп, ар тараптан акча табууга кеңири мүмкүнчүлүктөр келип турган убакыт.Ал үчүн адам бир нече өзүнө пайдалуу аракеттерди жасаш керек жана аны өздөштүрүп, адат катары калыптандырышы кажет. Бүгүн barometr.kg жеке бизнесиңизди же айлыгыңызды көбөйтө турган мындай адаттарды сизге сунуштайт.
1-адат. Убактыңызды туура пайдаланыңыз!
Финансылык жактан бай адам болом десеңиз убакыттын туура пайдаланууну өздөштүргөн абдан маанилүү. Дал ушул убакытты туура пайдалануу кирешеңиздин эки эсеге көбөйүшүнө жол ача турган эң маанилүү нерсе. Эгерде сиз аны туура пайдалансаңыз жана алдыңкы күндөр менен айларга, жылдарга план койсоңуз, ал сөзсүз өз жемишин берет.
2-адат. “Карьералык капитал” жасаңыз!
Карьералык капитал деген эмне? Бул адамдар арасындагы коммуникацияны мыкты өздөштүрүп жана тааныштар менен пайдалуу достордун санын көбөйтүү. Алар менен ар дайым туура тил табыша билүү. Мындай тааныштар сөзсүз түрдө сизге киреше булактарын алып келет.
2-адат. Социалдык тармактардагы мыкты маркетинг
Социалдык тармактагы мыкты маркетинг кайсы гана ишти болбосун алдыга сүрөй турган жакшы онлайн куралдардын бири. Аны мыкты өздөштүрсөңүз сизге кардардар дагы, акча дагы оңой эле келмекчи.
4-адат. Өзүн мыкты тааныштырууну жана эл алдында сүйлөөнү өздөштүрүү
Өзүн жакшы баалай билген жана анысын башкаларга көрсөтө билген, ошол убакытта публиканын алдында чебер сүйлөй алган адат дагы акчанын кирешесин көбөйтүүгө эң сонун салым кошо алат.
5-адат. Акча тууралуу туура ой жүгүртүү
Акча адамга аны табыш үчүн эмес ал аркылуу адамдын өз максаттарын ишке ашыруусу үчүн керек болот. Бай адамдар ар дайым көп акча иштеп табарына ишенет. Алар каржылык жактан ар дайым пландап иш кылышат. Жана “акча колдун кири”, “байлар ачкөз жана зыкым болушат”,”байлар-коррупционерлер” деген сыяктуу тескери ойлордон алыс болушат.
Кирешеңизди көбөйтүш үчүн жогоруда саналган адаттарды өздөштүрсөңүз, алар сизге жардамга келмекчи.
Ссылка: https://barometr.kg/sizdin-akcha-kiresheizdi-kbjt-turgan-5-zhnkj-adat
Добавить комментарий ×