


Түгөйлөрдүн ортосундагы ынтымакты бекемдей турган эң жөнөкөй эрежелер
Бөлүшүү:
Үй-бүлөдөгү ынтымак көп нерседен көз каранды.
Майда-чүйдө нерседен чыккан талаш күнү бою көңүлүңүздү бузушу мүмкүн.Чыңалган абал үй-бүлө мүчолөрүнүн баарына таасир берери анык.
Бүгүн barometr.kg жубайлардын ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө салым кошо турган бир нече жөнөкөй эрежелерди сунуштайт.
- Чогуу, биргелешип иш кылыңыздар, аялы менен күйөөсүнүн ортосун биргелешкен кызыкчылык менен чогуу иш алып баруу абдан жакындатат.
- Бирге сейилдөө, эс алуу же конокко баруу.
- Биргелешип кино тасма көрүү, эгерде түгөйлөрдүн бири кино көрүү маалында телефон карап отурса бул тескеричинче туура эмес эффекти пайда кылат.
- Бирге отуруп тамактануу
- Хоббинин же кызыкчылыктардын бирге болушу
Булардын баардыгы түйгөлөрдүн ортосундагы аралыкты билинбеген менен абдан жакын кыла турган жагдайлар. Эгер андай болбой жатса аны уюштурууга дагы аракет кылыңыз!
Ссылка: https://barometr.kg/tgjlrdn-ortosundagy-yntymakty-bekemdej-turgan-e-zhnkj-erezheler
Добавить комментарий ×