Шоу бизнесте 2018-жылы кимдер үй-бүлө курушкан? Көп талкууга алынган үлпөт тойлор

29 декабрь 2018 11:27 2863 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

2018-жыл дагы аяктап калды. Саналуу күндөрдөн кийин 2019-жылдын календарын карап калабыз. Ушул жылы кыргыз шоу бизнесиндеги баш кошкон түгөйлөрдү тизмектеп көрдүк. 2018-жылда эң эле талкууга түшкөн ырчылар Нурлан менен Асель Кадырбекованын үйлөнүү тоюндагы Асельдин кымбат көйнөгү болду десек болчудай. Андан сырткары, Жан Воинов менен Зарема Алмасованын тоюнда залдын жасалгасы, үлпөт торту жана эки жаштын бийи өзгөчөлөнүп, көпчүлүк талкуу кылды. 


Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова 10-майда дүңгүрөгөн той берип, анын артынан Ошко жана Бишкекке концерт коюшту. Асельдин көйнөгү уу-дуу болуп, өзгөчө баасы көпчүлүктүн талкуусуна алынды.

18-июльда Бишкектеги ресторандардын биринде ырчы Арсен жана жубайы Бегайымдын үйлөнүү тою болду. Арсен клип тартып жаткан учурда кызынын колун сураган. 

Рэп ырчысы Баястан менен дунган кызы Зульфиянын үлпөт тою ушул жылдын 27-августунда болду. Ага чейин сөйкө салып кыргыздын салты менен үйүнө алып кеткен. Көшөгөдө түшкөн сүрөтү менен ырчынын келинчеги Зульфия талкууга калган.

Белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас дагы 2018-жылы бойдокчулук менен коштошту. Эркайым аттуу модель кызды алып, 9-ноябрда дүңгүрөгөн той берди. 

Ырчы Курал Чокоев Жанара аттуу кызга ушул жылы баш кошту. Эки жаштын тою 30-сентябрда Чолпон-Атада өттү. Курал Чокоев Түркияда жүргөндө кыздын колун сурап, макулдугун алган. Ал өзүнүн клибине тартылган кызга баш кошту. 

Үлпөт тойдун өзгөчөлүгү менен көпчүлүктүн оозунда калган эки жаш бийчи Жан Воинов жана Зарема Алмасова. 10-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өткөрүп, ага экс-президент Роза Отунбаева катышкан. Атасы белгилүү спортчу Александр Воинов менен апасы белгилүү шоувумен, журналист, дизайнер Ассоль Молдакматова өткөргөн тойлору менен көпчүлүктүн талкуусунда болушту. 


Ссылка: https://barometr.kg/shou-bizneste-2018-zhyly-kimder-j-bl-kurushkan-kp-talkuuga-alyngan-lpt-tojlor



Добавить комментарий