Асель Кадырбекованын көйнөгү чоң талкуу жаратты
Поделиться в:
Баардыгыбызга белгилүү болгондой бүгүн Асель Кадырбекова менен Нурлан Насипттин заманбап үйлөнүү үлпөт тою өтүүдө. Азыркы учурда шаарыбыздын тойканаларынын биринде өтүп жаткан той интернет баракчаларында катуу талкуу жаратууда. Анын ичинде Аселдин той көйнөгү элди эки жаатка бөлдү.
Анткени той көйнөк 275 миң сом турат. Көйнөктүн автору Найл Байкүчүков Казакстандын, Россиянын жана мекенибиздин кыз-келиндерине көйнөктөрүн сунуштап келет.
Социалдык тармактын колдонуучулары той көйнөктү “Мынчалык кымбат көйнөктү кийгенче колунда жокторго жардам берсе болмок” дешсе, башкалары “Бул эки жаштын эмгеги жана мындай тойду өткөрүүгө татыктуу” деген ой пикирлерин калтырышууда.
Тойдо Асель эки жаштын бийинде дагы бир көйнөк кийип чыкты жана Нурлан да костюмун алмаштырган.



Ссылка: https://barometr.kg/content14286
Добавить комментарий ×