Алла Пугачева күйөөсү Галкинди колдогон пост жазып, кесиптештеринин сынына кабылды

20 сентябрь 2022 17:57 3700 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Советтик жана орусиялык ырчы Алла Пугачева Орусия бийлиги тарабынан чет элдик агент деп куугунтуктап жаткан күйөөсү Максим Галкинди колдоп социалдык тармактарга билдирүү жарыялап, көптөгөн кесиптештеринин сынына кабылды. Бул тууралуу "Барометр"  маалымдайт.

Маалыматка ылайык, ырчы аны дагы чет элдик агенттердин катарына киргизүү өтүнүчү менен Юстиция министрлигине кайрылган.

Ырчынын бул билдирүүсү бир топ кайчы пикирлерди жаратты.

Жада калса Пугачеванын айланасында жүргөн жазуучулар, актёрлор, журналисттер жана музыканттар ырчыны сынга алышты.
Айрымдары Пугачева өзүн жана таасирин ашыкча баалады деп ойлошсо, башкалары ырчынын бул аракетинин артында күйөөсү турат деген пиктрин жазышты.

Белгилей кетсек, ырчы Алла Пугачева Украинага Орусия атайын аскердик операция баштагандан көп өтпөй балдары жана жолдошу Максим Галкин менен бийликти "тынч жаткан элге кол салды" деп сындап, өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. 


Кийинчерээк,  Россияны Юстиция министрлиги Галкинди чет элдик агент катары иштеген адамдардын катарына киргизген.

Көп өтпөй, ырчы социалдык тармактарга Юстиция министрлигине кайрылуу менен пост жарыялап, анда күйөөсү менен бирге буга чейинки пикирин карманарын билдирип, аны да чет элдик агенттердин катарына кошуп коуюшун жазган.

«Россия Федерациясынын Юстиция министрлигине кайрылуу.
Мынча болду мени да чет элдик агенттеринин катарына кошууңарды суранам, анткени, мен күйөөм менен бирге буга чейинки пикиримди карманам. Силер чынчыл, адептүү жана ак ниет адамды, Россиянын чыныгы, эч нерсеге сатылбас патриотун чыккынчы деп жатасыңар. Максим Галкин биздин элдин гүлдөп, өнүгүүсүн, бейпил жашоосун каалаган. Ал сөз эркиндигин жана жаш балдарыбыздын өлүмүн токтотуу, жарандарыбыздын жашоосун кыйындаткан иллюзиялуу максаттарга чекит коюу керектигин гана көздөдү », - деп жазган ырчы өзүнүн Instagram баракчасына 

Бул билдирүү музыканттардын, жазуучулардын, актёрлордун жана башка коомдук ишмерлердин түрдүү реакциясын жаратты.


Ссылка: https://barometr.kg/alla-pugacheva-kjs-galkindi-koldogon-post-zhazyp-kesipteshterinin-talandysynda-kaldy



Добавить комментарий