Асель Кадырбекова: Бетимдеги, денемдеги шрамдар өткөндү эстетип туруш үчүн өмүр боюу калып калган сыяктуу

3 август 2023 11:57 967 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова бетиндеги, денесиндеги кырсыктан кийтн калган шрамдар кетпей калганын айтты. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ырчынын айтымында, алгач денесиндеги шрамдарды көргөндө кабыл алуу оор болуп, ыйлап жүргөн.

“Бирок, убакыт өтүп, чачым өсүп, бетимдеги тактар косметологдун жардамы менен кетип, көзүмдүн көрүүсү атайын коррекциядан кийин жакшырып, денемдеги көктөр бир жыл дегенде кетти. Эс тутумум толук келбесе да маанилүү учурларды эстедим.

Бирок, кээ бир нерселерди Жаратканым унутуп калбасым үчүн түбөлүк шрам кылып, эстеп туруум үчүн калтырган сыяктуу.

Аял заты үчүн келбети эң маанилүү эмесби. Бирок, андан да маанилүү нерсе келбет эмес. Жер жүзүндө миллиарддаган адамдар келбетинде ар түрдүү кемчилик,түрдү жагдай, ар түрдүү жашоо шарт бар. Айланабыздпгы жашоо шарт, физикалык көрүнүшүбүз алдыга умтуубузга, бийиктерди багындыруубузга, кандай болсо да өзүбүздү сүйүп жашообузга таасирин тийгизбеши керек. Шүгүр, тирүүлүккө ыраазымын!

Денемдеги шрамдарды көрүп, азыркы абалыма, тирүү жүргөнүмө ыраазы болуп, шүгүр кылам”, -деп жазды ырчы.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 26-июнунда Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерде эки унаа катуу сүзүшкөн. Андагы унаалардын бирин ырчы Асель Кадырбекова башкарып келе жаткан. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, ырчы айым оор абалда Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ырчы бир нече ай эсине келбей реанимацияда жаткан. Кийин Кадырбековага бир нече жолу оор операция жасалып, ырчы жылдап ден соолугун калыбына келтирүү менен алек болуп келди. 


Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-betimdegi-denemdegi-shramdar-tkn-knmd-unutup-kalbashym-chn-mr-boyuu-kalyp-kalgan-syyaktuu



Добавить комментарий