Гульзат Мамытбек абакта жатып ачкачылык кармаганын токтотту

24 ноябрь 2021 16:55 2017 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыйкатчынын аппаратынын кызматкери 23-ноябрда №1 тергөө абагында кармалып жаткан Гульзат Мамытбек деген ат менен белгилүү болгон блогер Гульзат Алымкулова менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Буга чейин блогер президентке жана ар кандай мамлекеттик органдарга жазган катын кабыл албай жатышканын айтып арызданган. Нааразылык катары 14-ноябрдан баштап ачкачылык жарыялаган.

Сүйлөшүү маалында тергөө абагынын башчысы баардык каттар тиешелүү органдарга убагында жөнөтүлгөнүн жана алардын көчүрмөлөрү документтерге тиркелип турганын айтты.

Гульзат Алымкулова акыйкатчынын өкүлү менен жолугушкан маалда абалы жакшы экенин, күн сайын ага тамчылатма дары берип жатышканын маалымдады.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин кечээ, 23-ноябрдан тартып Гульзат Мамытбек ачкачылык жарыялаганын токтотту.

Ссылка: https://barometr.kg/gulzat-mamytbek-abakta-zhatyp-achkachylyk-karmaganyn-toktottu



Добавить комментарий