Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы каза болду
Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы каза болду. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Текебаевдин апасы узакка созулган оорудан улам бүгүн, 29-апрелде каза болгон.
Тилла Текебаева жакында 90го чыкмак.
“Ата Мекен” партиясынын жалпы мүчөлөрүнүн атынан партия төрагасы Өмүрбек Текебаевге жана жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөбүз.
Кайрат кылыңыздар!
Тилла апанын арты кайырлуу, ыйманы саламат болсун! Жараткан Бейишинен орун берип, калган өмүр-жашын балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө берсин”. –деп айтылат маалыматта.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрель Акман айылында өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/sayasatchy-mrbek-tekebaevdin-apasy-kaza-boldu
Добавить комментарий ×