Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы каза болду

29 апреля 2021 15:25 10565 Barometr
Поделиться в:
ok

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы каза болду. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Текебаевдин апасы узакка созулган оорудан улам бүгүн, 29-апрелде каза болгон.

Тилла Текебаева жакында 90го чыкмак.

“Ата Мекен” партиясынын жалпы мүчөлөрүнүн атынан партия төрагасы Өмүрбек Текебаевге жана жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөбүз.

Кайрат кылыңыздар!

Тилла апанын арты кайырлуу, ыйманы саламат болсун! Жараткан Бейишинен орун берип, калган өмүр-жашын балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө берсин”. –деп айтылат маалыматта.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрель Акман айылында өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/sayasatchy-mrbek-tekebaevdin-apasy-kaza-boldu



Добавить комментарий