Сауд Арабиясында ак шумкар жарым миллион долларга жакын суммага сатылды

8 сентябрь 2021 17:25 534 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шумкарлардын баасына дүйнөлүк жаңы рекорд коюлду.Сауд Арабиясында өткөн аукциондо бир шумкардын баасы асман чапчыды.Бул тууралуу Daily Mail булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Шумкар багуучулардын эл аралык аукционуна 14 өлкөдөн келген мүнүшкөрлөр катышты. Америкадан алынып келинген ак шумкар рекорддук суммага-472 500 долларга сатылды.

Аталган баалуу куш бир жашка чыга электиги, салмагы 700 грамм экени айтылды.Шумкарлардын эң чоң түрүнөн болгон ак кречет породасына кирет.Кушту АКШнын “Pacific Northwest Falcons” фермасында өстүрүшкөн.

Эскерте кетсек, Жакынкы Чыгышта шумкар менен аңчылык кылуу бай жана таасирдүү адамдардын арасында кеңири тараган көрүнүш.Бирок шумкарды алгач ирет ушунчалык кымбат суммага сатышты.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/saud-arabiyasynda-ak-shumkar-zharym-million-dollarga-zhakyn-summaga-satyldy



Добавить комментарий