Месси Сауд Аравияда Роналду менен ойноодон эмне үчүн баш тартканын түшүндүрдү

18 август 2023 13:09 4323 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аргентиналык "Интер Майаминин" чабуулчусу Лионель Месси Сауд Аравиясына өтүүдөн баш тартуунун себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Күйөрмандар Сауд Аравиянын чемпионатында Месси менен «Аль-Наср» клубу менен келишим түзгөн Криштиану Роналдунун тиреши кайра башталышы мүмкүн деп күтүшкөн. Бирок, 36 жаштагы түштүк америкалык футболчу Месси АКШны тандап алган. 

Буга чейин, 38 жаштагы португалиялык футболчу Криштиану Роналду Сауд Аравиядагы лига МЛСге караганда күчтүүрөөк экенине ишенерин билдирген, бирок, Месси өз түшүндүрмөсүндө Аравиялык турнирди тандоодон баш тарткан.

“Менин Аравиялык клубдан баш тартуу чечимим көп себептерден улам болду. Аялым жана балдарым менен талкууладык. Мен бул жакка футболду улантуу үчүн келдим. Бүгүн мен биз кабыл алган чечимге абдан ыраазы экенимди айта алам. Барселонадан Парижге көчүү кыйын болду, бирок Майамиге көчүү такыр башка болчу. Мен Сауд Аравиясына бармакмын, бирок лига мага MЛСге караганда катаалдай көрүндү. Ошондуктан мен бул жакка келдим», - деди Месси маалымат жыйынында.    
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/messi-saud-araviyada-ronaldu-menen-ojnoodon-emne-chn-bash-tartkanyn-tshndrd



Добавить комментарий