Сауд Арабиясы Кыргызстанга 500 миң долларга медициналык жабдууларды берет
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-мартта, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Жолугушууда Жапаров Сауд Арабияны маанилүү инвестициялык долбоорлордо өнөктөш болууга чакырды.
Эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекемделишине кошкон зор салымы үчүн Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы мамлекеттик сыйлык — «Данакер» ордени менен сыйлады.
Абдурахман бин Саид Аль-Жума Сауд Арабия өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселесин колдоорун айтып, ошондой эле жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жардам катары болжол менен 500 миң долларлык медициналык жабдууларды өткөрүп берери жөнүндө маалымат берди.
Ссылка: https://barometr.kg/saud-araviyasy-kyrgyzstanga-500-mi-dollarga-medicinalyk-zhabduulardy-beret
Добавить комментарий ×