Рамазан айында Газага тынчтык орнойбу? Сауд Арабиянын падышасы акыры коомчулукка үн катты

11 март 2024 23:25 1337 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд эл аралык коомчулукту өз милдеттенмелерин аткарууга жана Газа тилкесиндеги палестиналыктарга каршы “ырайымсыз кылмыштарды” токтотууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

"Быйыл Рамазан айынын келиши Палестинадагы боордошторубузга каршы уланып жаткан кол салууларга туш келип жатканы кайгылуу. Эл аралык коомчулук бул ырайымсыз кылмыштарды токтотуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы керек", - деди Сауд Арабиянын падышасы ыйык Рамазан айын белгилөө үчүн кайрылуусунда.

Падыша өз сөзүндө эл аралык коомчулукту газалыктар үчүн коопсуз гуманитардык коридорлорду камсыз кылууга да чакырды.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш да Рамазан айынын башталышынан улам Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга чакырган.

Ал белгилегендей, Рамазан «тынчтыктын, ынтымактын жана тилектештиктин баалуулуктарын» билдирет. 

Анткен менен «Газадагы жардыруулар жана кыргындар ыйык ай башталганына карабай уланууда». 
«Мен Рамазан айында курал-жарактын үнүн басууга жана керектүү көлөмдөгү (Газа секторуна) куткаруучу жардамдын тез арада жеткирилишине болгон бардык тоскоолдуктарды жоюуга катуу чакырам.

Бүткүл дүйнөнүн көзү азыр бизде, бул тарыхтын көзү деп билсек болот. Биз адам өлүмдөрүнүн алдын алуу үчүн чара көрүшүбүз керек ", - деди башкы катчы БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өткөн брифингде.  
Гутерриш Газада эл аралык гуманитардык укуктун бузулганын баса белгиледи. 

БУУнун башкатчысы Израилдин түштүктөгү Рафах шаарына кургактан жасаган чабуулу "газалыктарга тозок алып келди " деп эскертти.  

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 11-мартка карата Израилдин Газа тилкесинде 7-октябрдан бери уланган агрессиясынын натыйжасында каза болгон палестиналыктардын саны 31 миң 112 кишиге жетип, дагы 72 миң 760 киши жаракат алган.

Каза болгондордун 72 пайызы аялдар жана балдар экенин белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/ramazan-ajynda-gazaga-tynchtyk-ornojbu-saud-arabiyanyn-padvshasy-akyry-n-katyp-izraildi-syndady



Добавить комментарий