Сауд Арабиядан дарыгерлер келип, 100дөн ашык кыргызстандыктардын жүрөгүнө бекер операция жасайт

1 ноябрь 2023 09:51 1366 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сауд Арабиядан келген дарыгерлер 100гө жакын кыргызстандыктардын жүрөгүнө бекер операция жасап берет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Мындай жаңылык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради мырза менен жолугушууда белгилүү болду. 

“Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу, аймактарда фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, тажрыйба алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Салман падышасы атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору тарабынан ушул жылдын 10-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоо кампаниясын өткөрүүнү көздөп жаткандыгын билдирди. Бул акцияны өткөрүү үчүн Кыргызстанга 30 адистен турган топ келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 100гө жакын жардамга муктаж бейтаптарга жүрөккө бекер операция жасатары күтүлүүдө. Ошондой эле, алар өздөрү менен кошо 500 миң АКШ долларын түзгөн каражатка стенттерди жана керектүү медициналык жабдууларды бекер алып келе тургандыктары айтылды. Министр Алымкадыр Бейшеналиев элчиге саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул иш-чараны өткөрүүдө КР Саламаттык сактоо министрлиги келген дарыгерлер тобуна бардык зарыл болгон колдоону көрсөтөөрүн белгиледи”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/saud-arabiyadan-darygerler-tobu-kelip-100dn-ashyk-kyrgyzstandyktardyn-zhrgn-beker-operaciya-zhasajt



Добавить комментарий