Санэпидкөзөмөл республика боюнча коомдук тамактануучу жайлары текшерет

25 октябрь 2021 15:12 600 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери республика боюнча коомдук тамактануу жайларын текшерет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Бул «Империя пиццы» кафесинде болгон акыркы массалык ууланууга байланыштуу ишке ашырылмакчы, кафеде 85 адам ууланган.

Мындан улам тамак-аш продукцияларын жүгүртүү (сактоо, ташуу, сатуу) жана өндүрүүнү жолго койгон объектилерде тамак-аш коопсуздугу тармагындагы КРнын нормативдик укуктук актылары жана башка техникалык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча мораторий алынды.

Мораторий массалык уулануу менен жугуштуу оорулардын таралышын болтурбоо максатында алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/sanepidkzml-respublika-boyuncha-koomduk-tamaktanuuchu-zhajlary-teksheret



Добавить комментарий