«Империи пиццы» тамактануучу жайынан уулангандардын саны 85 адамга жетти
Поделиться в:
25-октябрда саат 7:30да Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына тамак-аштан ууланып медициналык көмөккө кайрылган адамдардын саны 85 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Азыркы учурда 1 бейтап ооруканада жатып дарыланууда, анын абалы туруктуу. Калган адамдарга алгачкы медициналык көмөк көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучулар шаардын ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан «Империи пиццы» тамактануучу жайларынан тамактанышканы белгилүү болду.
Ссылка: https://barometr.kg/imperii-piccy-tamaktanuuchu-zhajynan-uulangandardyn-sany-85-adamga-zhetti
Добавить комментарий ×