Кароосуз калган мышыктардын арасында эпидемия жүрүп жатат

13 июль 2021 15:11 1681 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Павлодар областында панлейкопения оорусу менен ооруган ээси жок мышыктар көбөйгөнүн жаныбарларды коргоочулар айтып чыгышты. Бул тууралуу “Павлодардын жүрөгү” коомдук фондунан алынган маалыматка шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.

“Павлодардын жүрөгү” коомдук фондунун адистеринин айтымында, мындай учурлар акыркы кездерде көбөйдү.

Аталган борбор ээси жок мышыктарды куткаруу менен иш алып барат. Ветеринарлар мындай оору үй жаныбарларына да коркунуч келтирерин эскертишүүдө.

 “Ошондуктан үй жаныбарларын милдетүү түрдө эмдетүү керек”,-деп айтты фонддун директору Мария Гребенкина.

Ссылка: https://barometr.kg/karoosuz-kalgan-myshyktardyn-arasynda-epidemiya-zhrp-zhatat



Добавить комментарий