«Империи пиццы» кафесиндеги уулануу боюнча иш прокуратурага жөнөтүлдү

26 октябрь 2021 12:49 1752 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Империи пиццы» кафесиндеги уулануу биринчи учур эмес. Бул тууралуу брифинг маалында Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, болжол менен бир апта мурда Темир жол ооруканасына аталган кафенин филиалдарынан суши жана роллы жегенден кийин өздөрүн жаман сезген эки адам кайрылган.

“Аларда уулануунун жеңил формасы болгон жана алгачкы көмөк көрсөтүлүп, амбулатордук дарылоо алышкан. Бир нече күндөн кийин экинчи учур катталды”,-деп белгиледи ал.

Ал учурда кафенин баардык жайлары себептерди аныктоо жана анализдердин жыйынтыгын алганга чейин убактылуу жабылганын кошумчалады. Ар түрдүү суммадагы беш протокол түзүлдү. Мындан тышкары маалыматтар Бишкек прокуратурасы менен ички иштер башкармалыгына берилди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 26-октябрда саат 11:00гө карата Бишкек жана Чүй областынын саламаттыкты сактоо мекемелерине аталган кафедеги тамак-аштан ууланып кайрылгандардын саны 179 адам болсо, анын 18и балдар экени айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/imperii-piccy-kafesindegi-uulanuu-boyuncha-ish-prokuraturaga-zhntld



Добавить комментарий