Кыргызстанда 627 коомдук тамактануучу жайлар текшерилди

19 ноябрь 2021 15:27 2713 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 627 коомдук тамактануучу жана соода объектилери текшерилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Аталган маалыматка таянсак, ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлору 26-октябрдан 11-ноябрга чейинки аралыкта текшерүү жүргүзүштү.

“Санитардык эпидемиологиялык нормалар менен эрежелерди бузган үчүн 254 протокол толтурулду, жоопкер тараптар менен жетекчилерге 1 миллион 14 миң 500 сомдук айып пул салынды”,-деп кабарлашты ведомстводон.

Эскерте кетсек, октябрь айында Бишкекте «Империя пиццы» тамактануучу жайларында массалык уулануу катталган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-627-koomduk-tamaktanuuchu-zhajlar-teksherildi



Добавить комментарий