Самара Каримова: Документтерди толук өткөрүп алдым. Түшүнбөстүктөргө чекит койдук
Ниязала Боркошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык билим берүү мекемесинин мурдагы директору Нурлан Каримов бардык керектүү документтерди Самара Каримовага өткөрүп берди. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган видео тасмага шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Урматтуу мекендештер!
Бүгүн, 19-январда музыкалык окуу жайдын мурдагы башчысы мыйзам чегинде баардык документтерди мага өткөрүп берди.
Директордун орун басары Бакыт Бакиевич менен биргеликте кабыл алдык. Кудай буюрса жакшылыктардын баары алдыда. Буюрса түшүнбөстүктөргө чекит койдук”, - деди ырчы кыз.
“Мен бүгүн келип, баардык документтерди Самара айымга өткөрүп бердим. Биздин ортобузда түшүнбөстүк, каралоо деген нерселер болбошу керек. Мен эркек катары айтып койоюн мен Самара айымды каралап же болбосо башка чагымчыл кадамдарга барбаймын. Ишине ийгилик гана каалайм”, - деди Нурлан Каримов.
Эске сала кетсек, Самара Каримова 13-январда Маданият министрлигин соттон утуп алган. Эми ал Ош мамлекеттик музыкалык орто окуу жайынын директору кызматына кайра бара алат.
Бирок, аталган окуу жайдын жалпы жамааты Каримованын директорлук кызматка келишине караманча каршы чыгышкан.
Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан.
Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованын сотто утуп алганы боюнча апелляциялык арыз даярдалып жатканын, мыйзам талаасында иш жүргүзүлөрүн кабарлашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-dokumentterdi-toluk-tkrp-aldym-tshnbstktrg-chekit-kojduk
Добавить комментарий ×