Чуулу кызмат. Самара Каримованын музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалышына мугалимдер каршы болушууда

14 января 2021 15:49 2996 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын Ош мамлекеттик окуу жайына директор болуп дайындалышына аталган окуу жайдын кызматкерлери крашы чыгып жатышат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын мугалими “Барометрге” билдирди.

Алардын айтымында, ырчы дароо эле келе калып азыркы жетекчиден, бир күн убакыттын ичинде кызмат ордун бошотуп берүүсүн талап кылган.

Окуу жайдын кызматкерлери ырчы Каримова сотторду акча менен сатып алып, кайра кызматка келгени жатканын айтып жатышат.

“Эгерде, ал бизге жетекчи болсо биз жапырт каршы болуп, иш ташоого барабыз. Бул жерде тажырыйбасы мол, көптөгөн жылдап билим берүү тармагында иштеген профессианалдуу музыкант башчы болушу керек. Анан эле кечеги билими жок, музыкалык билимди сырттан алып жаткан кызды, профессионал музыканттарга директор кылып дайындоо туура эмес. Бул жер шоу бизнес эмес да. Биздин окуу жай классикалык музыкага жаштарды тарбиялаган билим берүү тармагы. Бул жер шоуга айланып кетпесин деп эле чырылдап жатабыз”, - дешти мугалимдер.

Ал эми, аталган окуу жайдын учурдагы директору Нурлан Каримов буйрук менен бүгүн таанышканын айтып, этең 15-январдан тарта кызматын тапшырышы керек экенин белгиледи.

“Мен эртең кызматымды тапшырышым керек экен. Мен кызмат талашпайм. Бул тармакта 20 жылдан бери иштеп келе жатам. Маданият тармагын өнүктүрүү үчүн жөнөкөй кызматка болсо деле макулмун. Ал эми, жамаатка айткам, эч жака барбай, ызы-чуу жаратпагыла деп. Эми биз эркин өлкөдө жашагандыктан, алардын айта турган оюна каршы туруу туура эмес болуп калат го дейм”, - деди Нурлан Каримов.

Эске сала кетсек, Нурлан Каримов Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга 2018-жылдын 23-ноябрында жетекчи болуп дайындалган.

Маалым болгондой, Самара Каримова 13-январда Маданият министрлигин соттон утуп алган. Эми ал Ош мамлекеттик музыкалык орто окуу жайынын директору кызматына кайра бара алат.

Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан.


Ссылка: https://barometr.kg/chuulu-kyzmat-samara-karimovanyn-osh-mamlekettik-okuu-zhajyna-direktor-bolup-dajyndalyshyna-mugalimder-karshy-bolushuuda



Добавить комментарий