


Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кызмат орундарына конкурс жарыялайт
Бөлүшүү:
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кенже жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүгө конкурс жарыялайт.
Конкурска 19дан 30 жашка чейинки жалпы орто билимге ээ болгон, «В» жана «С» категориялары менен айдоочулук күбөлүгүн бар болгон жарандар талапкер боло алат.
Конкурска катышууну каалагандар төмөнкү документтерди алып келиши керек:
- жеке арыз;
- анкета
- өмүр баяны эки нускада (кол менен жазылган жана компьютерде терилген);
- автобиографиялык реферат;
- тийиштүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктоочу документтердин, ошондой эле окуу учурунда алган баалары менен документтердин тиркемелеринин түп нускалары жана көчүрмөлөрү;
- эмгек китепчесинин түп нускасы жана көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирип жаткан жарандардан тышкары);
- эмгек китепчеси;
- эркектер үчүн аскердик билеттин түп нускасы жана көчүрмөсү;
- паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү;
- никелешүү жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
- никени бузуу тууралуу (эгерде никеси бузулса) күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- Ф.А.А. алмаштыруу тууралуу (эгерде мурда атын, атасынын атын, фамилиясын алмаштырса) күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- үчтөн кем эмес сунуш кат;
- укук коргоо органдарында иштөөгө жарактуулугу тууралуу аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;
- өлгөндүгү тууралуу (жакын туугандары каза болгон учурда) күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- акыркы иштеген ордунан күбөлөндүрүлгөн кызматтык мүнөздөмө (эмгек стажы жок болгон учурда жашаган жери боюнча мүнөздөмө).
- 9х12 өлчөмүндөгү бир, 3х4 өлчөмүндөгү төрт сүрөт (көгүш фондо, классикалык кийим менен).
Кабыл алуу 2025-жылдын 17-октябрына чейин улантылат.
Документтер Бишкек шаарынын Чокан Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча кабыл алынат.
Телефондор: (0312) 63 12 75, (0312) 63 09 00, (0312) 63 09 01.
Ссылка: https://barometr.kg/zhol-koopsuzdugun-kamsyzdoo-bashkarmalygy-kyzmat-orundaryna-konkurs-zharyyalajt
Добавить комментарий ×