Садыр Жапаровдун жактоочуларын президенттин аппаратынан кабыл алышты

2 март 2020 17:11 666 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президенттин аппаратында бүгүн, 2-мартта, Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өтүп жаткан Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучулары менен жолугушуу болду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, митингдин делегаттары менен Президенттин Аппаратынын Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө митингчилердин талаптары угулуп, жарандардын кабыл алууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Митингдин резолюциясы келгенден кийин ал Президенттин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүндө карала тургандыгы белгиленди.

Учурда Бишкекте Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп жатат. Буга чейин Жапаров өзү аны колдоп митингге чыкпоого чакырган болчу.

Мурдагы депутат жаза мөөнөтүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 абакта өтөп жатат. Ал массалык баш аламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алган деп айыпталып, 11 жыл 6 айге эркинен ажыратылган.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdun-zhaktoochularyn-prezidenttin-apparatynan-kabyl-alyshty



Добавить комментарий